18:43
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Чет өлкөдө мade in kg маркасы менен башка өлкөлөрдүн товарлары сатылууда

Кыргызстандын экспортко жөнөтүлгөн товарлары Казакстан менен Россиянын чек араларында көпкө кармалып калууда. Бул тууралуу «Кыргызстандын рынокторунун, соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясы» бирикмесинин аткаруучу директору Артур Ташибеков  Жогорку Кенешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кенештин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө  билдирди.

Анын айтымында,  «Дордойдун» маселесине мамлекеттик органдар көмөк көрсөтүүгө тийиш.

«Мисалы, чет өлкөлөрдүн соода түйүндөрүндө Кыргызстандын бренди менен жиптери чубалып, тигиштери ыдыраган өтө сапатсыз, бирок кыйла арзан кийим-кечелер сатылып келет. Иликтеп көрсөк, алардын көпчүлүгү тажикстандык жарандар тарабынан легалсыз цехтерде тигилген кийимдер экен. Буга тийиштүү мамлекеттик органдар бизнес-коомчулук менен бирге чараларды көрүшү керек», - деди  Артур Ташибеков. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума