Садыр Жапаров Реджеп Эрдогандан Орхон Инанды тууралуу сурады

14:05, 10 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Түркия лидери Реджеп Тайып Эрдоган менен жолугушууда «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инанды тууралуу сурады. Бул тууралуу өлкө башчысынын пресс-катчысы Эрбол Султанбеков 24.kg агенттигине билдирди.

«Садыр Жапаров Орхон Инандыны тууралуу сурады. Реджеп Эрдоган анын жоголушу боюнча эч кандай маалыматы жоктугун жана ФЕТОнун тарапташтары боюнча уккусу дагы келбестигин айтты», — дейт Эрбол Султанбеков.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.