20:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Садыр Жапаров Ош окуясынын 11 жылдыгына карата кайрылуу жасады

Садыр Жапаров Ош окуясынын 11 жылдыгына карата кайрылуу жасады, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

«2010-жылдын июнь айында болгон каргашалуу окуяларга он бир жыл толду. Бүгүн биз ошол апаатта набыт болгондордун арбагына таазим этип, дайынсыз жоголгондорду эскерип отурабыз. Андай апаат, бир туугандар элдерди кырды бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Жалпыны сабырдуулукка үндөгөн, жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Бизге ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.

Июнь окуялары баарыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Тарыхтын бул кайгылуу сыноосу бабалардан мураска калган сүйүктүү Кыргызстаныбыздын келечеги үчүн ынтымагыбызды арттырып, биримдигибизди бекемдөө зарыл экенин дагы бир жолу ырастады.

Ош, Жалал-Абад — көп этностуу облустар. Көп түрдүүлүк — бул биздин байлыгыбыз. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 80ден ашык этностордун өкүлдөрү бар. Ар бир этностук топ өзүнүн маданиятын, тилин, каада-салттарын сактоо менен мекенибиз Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп келе жатышат.

Июнь окуясында шейит кеткендердин элеси дайыма жүрѳгүбүздѳ сакталат. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун», — деп айтылат кайрылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар