Садыр Жапаровдун Түркияга иш сапарынын учурунда кол коюлган документтер

09:50, 10 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду.

Алардын тизмеси:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— 2018-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы протокол жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү.

Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн президенттеринин администрацияларынын ортосунда расмий иш сапардын алкагында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашты.