Орхон Инанды жоголгон күнү Мелис Турганбаев менен жолугушкан

12:23, 09 июня 2021, Бишкек - 24.kg

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инанды жоголгон күнү ИИМдин мурдакы жетекчиси Мелис Турганбаев менен жолугушкан. Бул тууралуу жактоочусу Таалайкүл Токтокунова Кaktus.media порталына билдирди.

Анын айтымында, 31-май күнү Орхон Инанды Мелис Турганбаев менен кафеде олтурганын көргөн адамдар бар.

«Алар кафеде бир нече саат сүйлөшүп олтурушкан. Андан кийин Инандыны эч ким көргөн жок», — дейт Таалайкүл Токтокунова.

Жактоочунун маалыматында, Мелис Турганбаев ошол эле күнү Грузияга учуп кетти.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.