05:21
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Бишкектеги ооруканаларда бейтаптарды кабыл алууга дагы 200 орун бар

9-июнда бир суткада Бишкек шаарында вирустун 178 учуру катталып, экөө каза тапты. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.

Анын айтымында, учурда ордо кааладагы ооруканаларда 886 адам дарыланууда.

«Коронавирус жана пневмония менен ооругандарды дарылоо максатында 1 миң 165 орундуу 11 стационар иштеп жатат. Алардын ичинен 563 бейтаптын абалы орточо оор, 256 бейтаптын абалы оор, 65 адамдын абалы өтө оор, 80 адам жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.Стационарларда жалпы 280 бош орун бар», — дейт ал.

2020-жылдын март айынан бери 108 миң 173 киши вируска чалдыгып, 1 миң 864 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар