10:04, 09 июня 2021, Бишкек - 24.kg
Ошто турак үйдүн чатыры толугу менен күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында жайгашкан турак үйдүн 450 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган, өрт таңкы саат 05:51де чектөөгө алынып, саат 06:47де толук өчүрүлдү.
Жабыркагандар жок, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.