03:50
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Садыр Жапаров Түркияга расмий иш сапары менен учуп кетти

Садыр Жапаров бүгүн расмий иш сапары менен Түркияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эки мамлекеттин башчылары эки жана көп тараптуу кызматташууну, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Мындан сырткары, Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркиянын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин V жыйынына катышат.

Андан сырткары кыргыз-түрк бизнес форуму дагы өтөт.

Садыр Жапаров менен бирге жубайы Айгүл Жапарова дагы учуп кетти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума