Жума намазын мечитте окууга уруксат берилди

14:19, 08 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 11-июндан тарта жума намазын мечитте окууга уруксат берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы.

Муфтият мечитке келгендерди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырат.

Талаптар:

— күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат;

— мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;

— мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50% ашпоосу зарыл;

— жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

— дааратты үйдөн алуу сунушталат;

— жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;

— мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат;

— ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.