Ошто дайынсыз жоголгон адам 17 күндөн кийин каналдан табылды

11:55, 08 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Ош шаарында 15 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 33 жаштагы жарандын сөөгү каналдан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, шаар тургуну 22-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жарандын жеңил унаасы базардын жанынан аккан Кайырма суусунун жээгинен табылган.

«Бүгүн, 8-июнда Кара-Суу районунун Кыргызстан айылындагы Кайырма каналында адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар адамдын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.