Мухаммедкалый Абылгазиевдин жүрөгү ооруп менчик клиникага которулду

11:04, 08 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жүрөгү ооруп менчик клиникага которулду. Бул тууралуу 24.kg  агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мурдакы өкмөт башчысынын коронавирус менен ооруп айыккандан кийин жүрөгүндө илдет пайда болду. 

Ал 2021-жылдын 27-январында УКМК тарабынан кармалган.

Мухаммедкалый Абылгазиевге «Кумтор голд компани» жабык акционердик коомуна мыйзамсыз жер бөлүп берүү жана мыйзамсыз баюу айыбы тагылууда.