07:50
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Казакстан аскердик жардам катары Тажикстанга 3 миллиондон ашык ок-дары берет

Казакстандын Коргоо министрлиги «Кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Мекеменин басма сөз борборунун маалыматына караганда, долбоорду талкуулоо 17-июнга чейин уланат. Азырынча бул документ боюнча Тажикстандын бийлиги расмий маалымат бере элек.

«Документ быйыл 17-апрелде кол коюлган казак жана тажик өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам берүү тууралуу келишимди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттин ичиндеги жол-жоболорду ишке ашыруу максатында иштелип чыкты», — деп жазылган Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Келишим ратификациялангандан кийин Тажикстанга 5,45 миллиметрлик 3 миллион 240 миң, 23 миллиметрлик 20 миң жана минометтор үчүн 82 миллиметрлик 10 миң даана ок берүү каралган.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда дагы аскердик жардам тууралуу келишимге 2021-жылдын март айында кол коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар