06:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Теңгиз Бөлтүрүк КР экологдорун Айлана чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманова жана мекеменин жамаатын кесиптик майрамы — Бүткүл дүйнөлүк айлана чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады.

«Эколония жана айлана чөйрөнү коргоо маселеси Кыргызстандын гана эмес, эл аралык деңгээлдеги башкы темалардын бири болуп калды. Глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу ишмердүүлүгүнө көптөгөн өлкөлөр жигердүү кирүүдө. Биздин республика учурда айлана чөйрөгө аяр мамиле жасап, жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу принциптерин пайдаланууда. Бул иште ата мекендик экологдордун кошкон салымы зор. Өз принциптерине бекем туруп, кесипкөйлүгү үчүн Кыргызстан экологдоруна ыраазычылык билдирем. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин түзүлүшү өлкөдөгү жаратылышты сактап, бекемдөөгө багытталган мамлекеттик бийликтин маанилүү кадамы болду. Мекеменин жогорку макамы Кыргызстандын айлана чөйрөсүн коргоо жаатындагы ишти күчөтүүгө жардам берет», — деди ал Бүткүл дүйнөлүк айлана чөйрөнү коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чаарадагы куттук сөзүн айтып жатып.

Өз кезегинде Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы Динара Кутманова быйылтан тарта «Кумтөр» Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылаарын белгиледи. Иш-чарага келгендердин айтымында, «Кумтөр» темасы калктын көңүлүн айлана чөйрө маселесине гана бурбастан, кайдыгер эмес адамдардын жана экологдордун башын бириктирди. Алдыда өлкөдөгү экологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча көптөгөн маселелер турат.

Салтанаттуу иш-чарада Теңгиз Бөлтүрүк Кыргызстандын экологиялык кызматын түзүү башатында турган бир катар ардагерлерге «Кумтөрдүн» атынан белектерин тапшырып, аларга узак өмүр, чын ден соолук жана ийгилик каалап өттү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума