14:09
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

«Манас» аба майданынын төрт автобусу бишкектиктерди убактылуу ташымай болду

Бишкек мэриясы маршрутка айдоочулары иш таштаганына байланыштуу убактылуу төрт микроавтобусту ишке киргизди.

Маалыматка караганда, транспортту «Манас» эл аралык аэропорту берген. Алар № 100 маршруттук бусунун каттамы менен иштейт.

Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-январында 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.

Эң көп окулган жаңылыктар