Орхон Инандыны колдоо митинги бүгүн дагы улантылат

09:26, 02 июня 2021, Бишкек - 24.kg

«Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхон Инандыны колдоо митинги бүгүн дагы улантылат. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Митинг Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында саат 10.00дө өтөт.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-май күнү кечки саат 18.00дө байланышка чыккан боюнча дайынсыз. Ал үйүнөн жолугушууга барарын айтып чыгып кеткен. Бир нече сааттан кийин анын машинасы ачык бойдон үйүнөн алыс эмес жерден табылган.