Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Орхон Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды

13:22, 01 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлигине Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инанды 31-майда 18.00 байланышка чыккан бойдон дайынсыз.