Тажикстандын элчиси суранып Руслан Казакбаевге жолукту

13:15, 01 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализоданы кабыл алды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, тажик тарабынын демилгеси менен жолугушуу уюштурулду.

Маектешүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу орун алды.

«Министр кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынан өтүүсүн кыска мөөнөттө ар бир тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен сүрөттөө боюнча практикалык натыйжаларга жетишүүгө кыргыз тарап кызыкдар экендигин баса белгиледи», — дейт ал.