USD87.45EUR97.88RUB1.03
24.kg

Кыргызстанда эркектердин 48 пайызы чылым тартат

10:51, 01 июня 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда эркектердин 48 пайызы чылым тартат, бул болжол менен 426 миң адамды түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта эркектердин арасында мезгилсиз дүйнөдөн өтүү аялдарга салыштырмалуу 2,5 эсе жогору экендиги белгиленет.

«Жарандарды тамекинин зыяндуулугунан коргоо жөнүндө мыйзам 2006-жылы кабыл алынган, бирок бөлүп сатууга жана эгер тамеки тартуу үчүн атайын бөлмө жок болсо коомдук жайларда тамеки тартууга тыюу салынганын көбү биле бербейт. Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында тамеки каражаттарын колдонуу дагы өзүнчө көйгөй. Мыйзамды толук кандуу жайылтуу үчүн тармактар аралык чара көрүү зарыл», — дейт министрлик.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика