06:27
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ош аэропортундагы тажик жарандары мекенине кетти

Ош эл аралык аэропортунда кармалып турган тажик жарандары Маргарита Расулова, анын небереси Алиса Нарматова жана Любовь Гордеева 28-майда Тажикстанга чыгарылганы белгилүү болду. Бул маалыматты «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы ырастады.

Тажикстандык «Азия Плюс» сайты аларды алып чыгуу үчүн коңшу өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода Ошко барганын, тиешелүү мекемелер менен сүйлөшкөнүн жазды.

Тажик жарандары 25-майда Орусиянын Сургут шаарынан Ошко учуп келип, Кыргызстандын аэропортунан чыга албай калган. Алар Орусиядан депортация болуп, мекенине Кыргызстан аркылуу кайтууну көздөшкөн.

Бишкек анын алдында тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, кайсы бир убакытка чейин болушуна, ары-бери жүрүүсүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө убактылуу тыюу салган. Ушундан улам тажик жарандары Кыргызстандын чек арасынан өткөрүлгөн эмес.

25-майда Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясы менен Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран да кайра артка жөнөтүлгөн.

26-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырды. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, мындай чара Кыргызстан министрлер кабинетинин алдын ала айтпай туруп 21-майда токтом кабыл алгандыгына байланыштуу көрүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума