Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды

15:44, 31 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» боюнча түзүлгөн келишимге карата суракка чакырылды.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановго 2017-жылкы президенттик шайлоодон кийин кылмыш иши козголуп, ал 2021-жылы саясатчы бюджетке 100 миллион сом төккөндөн кийин иш токтотулган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» кени боюнча депутаттар жана мурдакы чиновниктер суракка чакырыларын айтышкан.