01:48
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Кумтөрдөгү» кырдаал: баардык бөлүмдөр иштеп жатат, көйгөй жок

Пресс-тур убагында журналисттер «Кумтөр» кенинин иши менен таанышты. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» билдирди.

«Республиканын жана ал аралык алдыңкы массмедиаларынын журналисттери кен казуучу жайдын негизги өндүрүү аянтчаларына барып, ишкананын бөлүмдөрү тынымсыз иштеп жатканын өз көздөрү менен көрүп кайтышты», — дешет басма сөз кызматындагылар.

««Кумтөрдө» көйгөй жок. Баардык бөлүмдөрү иштеп жатат, өндүрүш максаттар аткарылууда, кошумча тетиктер, күйүүчү май жетиштүү», — дейт алтын өндүрүүчү фабриканын менеджери жана «Кумтөр Голд Компанинин» өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов.

КГКнын тоо-өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Тынчтык Мокеевдин айтымында, кен казуучу жайдагы иш токтогон эмес, өндүрүштөгү коопсуздук техникасы сакталууда.

Анын маалыматы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКына убактылуу түрдө тышкы башкаруунун киргизилишине эмгек жамааты түшүнүү менен мамиле жасады, кызматкерлердин маанайы жакшы.

Журналисттерге кен казуучу жайдагы мониторинг системасы жана анын кырларын скандоо системасын көрсөтүп, мөңгүлөрдүн кыймылын байкоочу лазердик мониторинг системасы тууралуу айтып беришти. Ага инженер-геотехник Саламат Тогузбаевдин айтымында, 2021-жылдын 15-майында серверлер тыштан жабылган, бирок мониторингдин маалыматы келип түшүүдө. Серверлер 19-майда кайтадан иштей баштады. Ал иштебей турган эки күндүн ичинде эч кандай кырсыктар катталган эмес.

«Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Динара Кутманова «Кумтөрдү» иштетүүдө кандай кемчиликтер кетирилип, канадалык «Центерра» компаниясы экологиялык ченемдер сактабаганын далилдеген документтерди журналисттерге көрсөттү. Айтымында, мурда тоо-тектерин Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүнө чогултулчу 1995-жылдан бери тыюу салынганына карабастан, ал жерге 1 миллиард тонна калдыктар топтолгон. Ошентип, Динара Кутманованын айтымында, 186 миллион чарчы метр мөңгүлөр бузулган», — дешет компаниянын басма сөз кызматында.

Өлкөнүн башкы экологунун маалыматына ылайык, учурда керексиз калдыктар мөңгүнү деңгээлинен 10 километр ылдый топтолот.

ЖМК өкүлдөрүнө ачык карьер, Петров көлүн, калдык сактагычын, тазалоочу аспаптарды жана турак-жай лагерин көрсөтүштү.

Карьердин өндүрүмдүүлүгү планга ылайык күнүнө 550 миң тоннаны түзөт, учурда ал жерде 170 оор техника, анын ичинде 116 өзүн өзү жүктөгүч жана 14 экскаватор иштеп жатат.

Басма сөз кызматында билдиргендей, журналисттер долбоордун көлөмү жана технологияларына абдан таасирленди.

Эң көп окулган жаңылыктар