COVID-19. 94 бейтаптын абалы өтө оор

12:09, 31 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Коронавирус жуктурган 1 миң 696 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 446 бейтаптын абалы оор, дагы 94 киши өтө оор абалда.

1 миң 653 бейтап үйдөн дарыланууда.

2020-жылдын март айынан бери 104 миң 729 киши вируска чалдыгып, 1 миң 808 бейтап көз жумду.