19:00
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Нарында 67 жаштагы карыяны сабап, коркуткандар кармалды

Нарында карыяны «өлтүрөбүз» деп коркуткандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда «карыяны автоунаага салып алып, талаадан мүрзөдөн өлмүрөбүз» дегендердин видеосу тараган.

Карыя 67 жашта жана анын майыптыгы бар.

«Агам таксисттерге жардам берип жүргөн. Азыр кан басымы көтөрүлүп жатат. Абдан коркуп калыптыр. Аны сабап, сөгүп, башына кап кийгизип коркутушуптур. Бутун ысык суу менен күйгүзүшкөн», — деп айтып берди карындашы Айнура Мамытова.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул факты Кочкор райондук милициясы тарабынан каттоого алынды.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын өздүгү такталып, алар кармалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар