Жыйындын жыйынтыгы менен тараптар бир катар документтерге кол коюшту. Алардын арасында «Жугуштуу оорулардын жайылышына каршы туруу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин орто мөөнөттүү планы» жана «КМШга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн офицерлерин ыкчам-стратегиялык даярдоо жаатындагы негизги уюму тууралуу» документтер бар.
Улукбек Марипов Беларуска жасаган иш сапарынын алкагында КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышкандан тышкары Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят менен жолугуп, Минск трактор заводуна да барган.