Мурдакы премьер-министр Абылгазиев дагы эки ай абакта болот

18:04, 28 мая 2021, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Мурдакы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы эки ай абакта болот. Бул тууралуу чечимди бүгун Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Мурдакы өкмөт башчысы 26-июлга чейин камакта болот. Ал 27-январда УКМК тарабынан кармалган.

Мухаммедкалый Абылгазиевге «Кумтор голд компани» жабык акционердик коомуна мыйзамсыз жер бөлүп берүү жана мыйзамсыз баюу айыбы тагылууда.