17:33
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо 11-июлга дайындалды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 39, 58-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылынат:

— Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо жекшембиге, 2021-жылдын 11-июлуна дайындалсын;

— Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

— шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;

— шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча чараларды көрсүн.

— Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэриялары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.

— Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума