Аалымдар кеңеши муфтийди шайлоо сынагын 26-июнга жылдырды

09:09, 28 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Аалымдар кеңешинин жыйынында өлкөдөгү пандемиялык абалдан улам Кыргызстан мусулмандарынын курултайын 26-июнга жылдыруу, Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын курамын өзгөртүү боюнча чечими кабыл алынды.

Муфтияттын уставындагы эрежеге ылайык, Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жана Муфтийликке талапкерлер кайра көрсөтүлүп, сынактан өтүшөт.

Буга чейин Муфтийликке алты, Борбордук текшерүү комиссиясына төрөгалыгына 13 талапкер катталган. Ал эми 21 мүчөсү бар Аалымдар кеңешинин курамына кирүү ниетин 49 киши билдирген. Сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.