17:50, 26 мая 2021, Бишкек - 24.kg
Кытай Кыргызстанга аскердик техника берди. Бүгүн тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн Улуттук гвардияга аскердик-техникалык мүлктөрдү өткөрүп берүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень катышты.