09:51, 26 мая 2021, Бишкек - 24.kg
Бир суткада 207 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 102, Ош шаары — 8, Чүй облусу — 40, Ош облусу — 8, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 8, Ысык-Көл облусу — 24, Жалал-Абад облусу — 11, Баткен облусу — 3 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Чүй облусунда үч жана Талас облусунда бир бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 103 миң 207 киши вируска чалдыгын, 1 миң 773 бейтап көз жумду.