Чек ара: Тажикстандын аскердик агрессиясына баа берилсин

14:44, 25 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Тажикстандын аскерий агрессиясына ички жана тышкы саясатта ар кандай деңгээлде баа берилсин. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында «Чек ара» коомдук бирикмеси билдирди.
 
Коомдук бирикменин мүчөлөрү бийликке төмөнкү талаптарды коюшту:
 
— Чек арага жакын жайгашкан аймактардагы ар тараптуу жана толук кандуу коопсуздук тез арада камсыз кылынсын;
 
— Чек арага чектеш жашаган жарандарыбызга мамлекет тарабынан ар тараптуу жана комплекстүү жеңилдиктер берилсин жана жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелердин дагы чечилишинин жасалма жолдор менен кечиктирилиши тез арада токтотулсун;
 
— Чек арага чектеш аймактарга ишканалардын ачылышы үчүн керектүү иш чаралардын баары жасалсын жана ички инвестициялардын келүүсү үчүн көп тараптуу жеңилдиктер өтө чукул кабыл алынсын;
 
— Тажикстан тараптап кол салууга ички жана тышкы саясатта ар кандай деңгээлде баа берилсин;
 
— Агрессор өлкөдөн компенсация жана репарация өндүрүү үчүн катуу киришсин жана аягына чыксын.