19:49
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат

Орусия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Өз сөзүндө Путин өлкө мындан ары да коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга жардам бере турганын белгиледи.

«Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, антивирустук дарыларды жана вакциналарды жеткирүүдө жардам берип келген жана мындан ары да жардам берет. Азыр биздин адистер «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин изилдеп жатышат», — деди Путин.

22-апрелде Бишкекке Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозадан турган алгачкы партиясы жеткирилген. Алардын 15 миңи 10 доллардан саталып алынса, 5 миңи гуманитардык жардам катары келген. Мындан тышкары жакында бул вакцинанын дагы 100 миң дозасы келет деп күтүлүп жатканы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума