16:34
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

«Кыргыз алтын» $29 миллион тууралуу үн катты

Centerra Gold Inc. компаниясынын төлөм боюнча документтердин жасалма экендиги жана $29 миллион уруксат берилбеген эсепке которулушу боюнча айыптоосу бир топ суроолорду жаратууда. Мындай позициясын «Кыргыз алтын» ишканасы билдирди.

Кыргыз өкмөтү «Кумтөр Голд Компани» ишканасын сырттан башкарууга алгандан кийин Centerra билдирүү тараткан. Анда «Кыргыз алтын» мыйзамсыз түрдө транзакция кылууга аракет жасаганы айтылган.

«Кыргыз алтын» ААКсы бул күндөрү төлөм тууралуу документтерди жасалмалаган эмес, ал тургай эч кандай финансылык операцияларды ишке ашырган жок. «Кыргыз алтын» мыйзамга баш ийген жана өзүнүн беделин жогору баалаган мекеме. Сenterra Gold Inc. компаниясынын Кумтөрдөгү кырдаалга байланыштуу абалын түшүнүп жатабыз. Бирок мындан ары «Кыргыз алтындын» дарегине курулай жалаа жабуудан алыс болуусун өтүнөбүз«, — деп айтылат билдирүүдө.

Компаниядан кошумчалашкандай, сөз болуп жаткан 12-май күнү «Кыргыз алтын» алтынга байланыштуу эч бир операция кыла алмак эмес. Анткени сырттан башкаруу токтомун парламент 17-май күнү кабыл алган.

Эң көп окулган жаңылыктар