COVID-19. Бир суткада 191 кишиден вирус аныкталып, алтоо каза болду

09:37, 24 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 191 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 121, Ош шаары — 11, Чүй облусу — 28, Ош облусу — 2, Талас облусу — 6, Нарын облусу — 8, Ысык-Көл облусу — 11, Жалал-Абад облусу — 4 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт жана Чүй менен Талас облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 102 миң 702 киши вируска чалдыгын, 1 миң 757 бейтап көз жумду.