Назирбек Бөрүбаев чек ара маселелери боюнча өкүл болуп дайындалды

12:46, 21 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Президенттик администрациянын бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды.

Адилет Жанузаков президентин администрациясынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болду. 

Эркин Сазыков президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын талдоо иштери жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Назирбек Бөрүбаев президентинин администрациясынын министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү болуп кайра бекитилди.