USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Баткенде дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы адамды издөө уланууда

11:57, 21 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Баткенде дайынсыз болуп жаткан 60 жаштагы адамды издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районундагы Кара-Бак айылынын тургуну 60 жаштагы эркек киши 14-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Аталган жарандын кийимдери Кожош-Кен суусунун жээгинен табылаган.

20-май күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 25 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган. Натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 21-май күнү издөө иштери улантылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика