COVID-19. Дүйнө калкы саякатка чыкпай турууга чакырылды

11:02, 21 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму чет өлкөлөргө чыкпай турууга чакырды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа бөлүмүнүн башчысы Ханс Клюге билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Ал COVID-19 илдети дагы деле болсо коркунучтуу экенин учурда III толкуну күч алганын кубаттайт.

«Биз кылдаттык менен иш алып барып, чет өлкөлөргө саякаттоо пландарын карап чыгып же андан баш тартышыбыз керек», — деп сунуштайт Ханс Клюге. 

2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда 101 миң 878 киши вируска чалдыгын, 1 миң 735 бейтап көз жумду.