Дастан Догоев кайра кызматка дайындалды. Ал Мариповдун орун басары болду

09:50, 21 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Дастан Догоев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Дастан Догоев 2017-2018-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2019-2020-жылдары Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин башкарган.

Учурда 34 жашта, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган. 

Дастан Догоев пара алып жаткан жеринен УКМК тарабынан кармалган Азамат Дыйканбаевдин ордуна келди.