Муфтийди шайлоо 29-майда өтөт

14:06, 20 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Муфтийди шайлоо 29-майда өтөт. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең талапкерлерге сынак уюштурулат.

Ага алты талапкер тандалып алынды: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Убайдулла Сарыбаев.

Белгилей кетсек, муфтийди шайлоо апрель айына белгиленген. Бирок, Аалымдар кеңешине болгон басымдан улам курултай кийинкиге жылдырылган.