Артем Новиков Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болду

09:57, 20 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Азиз Аалиев фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Артем Новиков 3 жылдык мөөнөткө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.