09:57, 20 мая 2021, Бишкек - 24.kg
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине ылайык, Азиз Аалиев фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Артем Новиков 3 жылдык мөөнөткө Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалды.
Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.