09:21, 20 мая 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сергей Лавров Душанбеде жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ Душанбе шаарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектеги отуруму өттү.
Маалыматка ылайык, тараптар алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, буга чейин жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулашты, кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактык кырдаал боюнча ой пикирлер менен алмашышты.
Мындан тышкары, тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда буга чейин каттаган темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жана унаа кыймылын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин улантуунун зарылдыгын белгиледи.
Тараптар союздаш мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү максатында өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарын мындан ары активдештирүүгө бекем ниеттерин билдиришти.