13:53
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Баткен: Чек ара жабыркагандардын эсебине 82 миллион 604 миң сом топтолду

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине 82 миллион 604 миң 500 сом каражат топтолду. Бул өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
 
Маалыматка караганда, облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине Кыргызстандын бардык облустары, район-шаар, айыл аймактар, ири өндүрүш ишканалары, курулуш компаниялары, коомдук уюмдар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер колдоо көрсөтүүдө.
 
Ошондой эле өлкө аймагындагы жүздөгөн мекеме ишканалар бир күндүк маяналарын которушса, катардагы жарандар, жеке ишкерлер да четте карап турган жок.
Эң көп окулган жаңылыктар