COVID-19. Бир суткада 259 кишиден вирус аныкталып, сегиз адам каза болду

10:26, 17 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 259 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 161, Ош шаары — 1, Чүй облусу — 44, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 14, Ысык-Көл облусу — 24, Жалал-Абад облусу — 10 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда эки жана Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 100 миң 732 киши вируска чалдыгын, 1 миң 711 бейтап көз жумду.