02:31
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргыз жарандарын чет өлкөгө чыгарда өз өмүрүн камсыздандыруу милдеттендирилет

Чет жакта жашаган кыргызстандыктар арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300гө чамалап жатат. Бул тууралуу чет өлкөгө чыгып жаткандардын өмүрүн милдеттүү түрдө камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев иштеп чыккан долбоор 12-майда парламенттин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Негиздемеде Кыргызстанда ар үчүнчү үй-бүлөнүн жок дегенде бир мүчөсү чет өлкөдө бир жылдан кем эмес убакыт иштеп келери, алар көбүнчө өндүрүштүк жаракат алуу коркунучу жогору, айрым учурда өлүмгө дуушар кылган транспорттук тейлөө, курулуш жана оңдоо чөйрөсүндө иштери айтылды.

«Жыл сайын чет өлкөлөрдө 300гө жакын мекендешибиз кайтыш болот. COVID-19 пандемиясынын жайылышы менен каза болгондордун саны өсүүдө, ошондуктан «Жүк-200» маселесин чечүү курч көйгөйгө айланды жана аны болушунча тезирээк чечүү зарыл» деп белгиленди.

Долбоордун автору белгилегендей, 2019-жылы «Жүк-200дү» алып келүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 14,4 млн сом сарпталган жана жол киренин кымбатташынан улам жыл сайын көбүрөөк акча талап кылынууда.

«Бюджеттин чыгымын азайтуу жана чет жакка чыгып жаткандарды колдоо үчүн шарт түзүү максатында» иштелип чыккан бул мыйзам кабыл алынса 18 жашка толгон бардык кыргыз жарандары чет өлкөгө чыгар алдында өз өмүрүн жана саламаттыгын камсыздандырууга милдеттендирилет. Камсыздандыруу келишими бир, үч же беш жылга, аны узартуу мүмкүнчүлүгү менен түзүлөт. Төлөм өлчөмү бир жылга 400 сомдон ашпоосу керек, каза болгон учурда камсыздандыруучу кенемте 100-250 миң сомдон кем эмес белгиленет.

Мыйзам долбоорунун автору белгилегендей, «Ошентип, республикалык бюджеттен кошумча акча бөлүү талап кылынбайт».

Эң көп окулган жаңылыктар