Өзгөндө 8 жашар бала селге агып кетти

12:24, 12 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Өзгөн районунун Большевик айылында селге агып кеткен 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка караганда, баланы сел агызып кеткен.

ӨКМдин билдирүүсүндө, 8 жашар бала кой кайтарып жүргөн. Жолдо келе жатып, селге түшүп кетет. Аны таап, ооруканага алып келгенде көз жумат.

Баланын сөөгү жерге берилди.