COVID-19. Бир суткада 283 кишиден вирус аныкталып, сегиз адам каза болду

10:43, 12 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 283 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 158, Ош шаары — 14, Чүй облусу — 75, Талас облусу — 3, Нарын облусу — 10, Ысык-Көл облусу — 18, Жалал-Абад облусу — 5 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда үч бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 99 миң 316 киши вируска чалдыгын, 1 миң 675 бейтап көз жумду.