Казакстанда кыргыз футболчу тууралуу тасма тартылды

15:07, 11 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Казакстанда кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов жөнүндө даректүү тасма тартылды. Видео аталган клубдун ютуб каналында жарыяланды.

Гүлжигит Алыкулов казакстандык «Кайрат» клубу менен 2020-жылы келишим түзгөн. Келишим 2023-жылдын аягына чейин узартылган Гүлжигит Алыкулов Белоруссиянын «Неман» клубунда ойноп, кийин Казакстандын «Кайрат» тобуна өткөн.

2019-жылы Кыргызстандын «Мыкты футболчусу» наамын алган.