Бишкекте ооруканада Баткенде жабыркагандардын 36сы дарыланууда

12:56, 11 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкекте ооруканада Баткенде жабыркагандардын 36сы дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Алардын маалыматында, Тажикстандын кол салуусунан кийин Бишкекке 57 киши которулган.

Алардын 36 Ортопедия жана травматология борборуна, 12- Улуттук хирургия борборуна, 9-Улуттук госпиталга жаткырылган.

Тажикстандын Баткен облусуна кол салуусунда 190 кыргызстандык жабыркап, 36 каза тапты.