Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

10:17, 11 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ күнү болгон жер титирөө Тоң районунун Шор-Булак, Оттук, Кара-Талаа, Кара-Шаар, Туура-Суу айылдарында күчү 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.