11:31
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Андрей Грозин: «Кумтөрдү» улутташтыруу Кыргызстанга оор сокку урат

Кыргызстан «Кумтөр» алтын кени долбоорунун айланасында кайра талаш-тартыш жаратууда. Компанияны улутташтыруу аракети дагы жүрүүдө. Бул өлкөгө кандай натыйжа алып келет? Бул боюнча Орто-Азия боюнча эксперт Андрей Грозин менен маектештик.

— Жогорку Кеңештин депутаттарынын «Кумтөргө» сырттан башкаруу киргизүү демилгесин кандай баалайсыз?

— «Россия — жамааттык Батыш» тармагынындагы карама-каршылыктардын көбөйүшүндө Кыргызстанды чет элдик инвесторлордон тазалоо аракети Бишкек үчүн күтүүсүз жыйынтыктарга алып келет.

Эгер президент Садыр Жапаров «Кумтөрдү» улутташтыруу чечимин колдоого алса, анда ал кесепетин дагы кабыл алууга даяр болушу керек.

Батышта маалыматтык чабуул ачышы мүмкүн. Анда азыркы нараазычылыктар суу кечпей калат.

Андрей Грозин

Эң башкы суроо: Канадалыктар чыгып кеткенден кийин «Кумтөрдү» ким сатып алат? Кыргызстанда Кытайдан башка сатып алуучусу жок. Бул албетте Кытайдын таасирин күчөтөт.

Бирок, кытайлык инвесторлор мынча көйгөйлүү долбоорду сатып аларына күмөнүм бар.

— Эмнеге?

— Кен менен бирге толтура маселелерди жана күмөн саноолорду алат. Пекинде «Кумтөрдөн» башка деле кен тармагында көйгөйлүү долбоорлору бар.

Кытай албетте кендерди ташып кирүүгө кызыкдар. Бирок, «Кумтөр» — чуулгундуу долбоор катары дүйнөгө маалым.

Өкмөт бюджетти толтуруу үчүн улутташтырууга аракет жасоодо. Бирок, бул чечим канчалык туура экендиги белгисиз.

Андрей Грозин

«Кумтөрдүн» айланасындагы ызы-чуулар эч басылбай келет. Компания бир нече жылдан бери ар кандай айыптоолорго жана текшерүүлөргө дуушар болууда. Кенди саткан учурда дагы андан акча заматта коротулат. Андан ары жаңы инвестор менен дагы мамилени бузуп, талаптарды күчөтүүгө туура келет.

Азыр Кыргызстанды банкрот болуудан сактап калуу аракети көрүлүүдө.

Андрей Грозин

Өлкө бюджетин толуктоо жолдорун издөөдө. Москва, Нур-Султан, Ташкент анча-мынча берген акчалар жетишпейт. Андан ары Евробиримдиктен акча үмүттөлөт.

Бирок, «Кумтөр» улутташтырыла турган болсо, анда Батыштан эч кандай жардам күтүүгө болбойт. Мындан ары Батыш Бишкекке гранттык жардам көрсөтпөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар